Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектин көчөсүндө чет элдик жаранды муунтуу ыкмасы менен тоноп кетишкен

Ыкчам иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү кармалды

Бишкекте чет элдик жаранды тоноого шектелген жаран кармалды.

Борбор калаанын Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, милицияга чет өлкөнүн жараны кайрылып, анда 31-майда саат 22:00дөр чамасында Сыдыков-Исанов көчөлөрүнүн кесилишинен ага белгисиз бирөө кол салып, муунтуу ыкмасын колдонуп, 30 миң сомдук «Huawei Honor 10» үлгүсүндөгү уюлдук телефонун жана 1400 сомун алып, изин жашырып качып кеткендигин билдирген.

Бул фактынын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (каракчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү катары 30 жаштагы И.Э. кармалып, РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Кармалган жарандан уурдалган уюлдук телефон табылган.

Анын ушул сыяктуу башка кылмыштарды жасоого тиешеси бар экендиги аныкталып жатат.

 

Сүрөт ИИБнын басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх