Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте дагы бир телефон алдамчы кармалды

Жабырлануучу ага 550 миң сом которгон

Бишкекте дагы бир телефон алдамчы кармалды.

Октябрь РИИБинин басма сөз кызматы билдиргендей, милицияга шаар тургуну кайрылып, 30-майда апасына белгисиз бирөө телефон чалып, кызы кырсыкка кабылып, ооруканада жаткандыгы тууралуу билдирген. Ал кызынын дарылануусу үчүн 550 миң сом которуу керектигин айткан. Аял акчаны курьер аркылуу тапшырган.

Аталган факты КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси («Алдамчылык») менен катталган.

Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында алдамчы 27 жаштагы А.И. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Калган жабырлануучулар болсо 0(505) 10-65-65, 0(508) 88-55-44 же 102 телефондоруна кабарлоону ИИБ суранат.

 

Сүрөт ИИБнын басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх