Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектин тургуну таанышына үч жол тандабас унаасын таунхауска алмашып, эч нерсеси жок калган

Келтирилген зыяндын суммасы 107 миң долларды түзгөн

Бишкекте өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелип, издөөдө жүргөн жаран кармалды.

Октябрь РИИБинин басма сөз кызматы билдиргендей, борбор калаанын тургуну милицияга кайрылып, 2022-жылы таанышына Тойота Land Cruiser 200, Тойота Хайландер жана Тойота RAF 4 үлгүсүндөгү үч унааны бергенин билдирген. Өз кезегинде таанышы Аламүдүн районунун Байтик айылынан таунхаус берүүнү убада кылган. Бирок, таанышы убадасын аткарбай, андан жашына баштаган. Келтирилген зыяндын суммасы 107 миң долларды түзгөн.

Аталган факты КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси («Алдамчылык») менен катталган. Шектүү издөөдө жүргөндөрдүн тизмесине киргизилген.

3-июнь күнү 1989-жылы туулган Т.З. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

 

Милиция башка жабырлануучуларды 0(550) 11-11-94, 0(702) 28-02-88 же 102 телефондоруна билдирүүнү өтүнөт.

Сүрөт ИИБнын басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх