Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте жаш жигиттер кымбат баалуу унаалар менен алдамчылык кылып “иштешкен”

103 миллион сомдон ашык зыян келтирилген

Бишкекте кымбат баалуу унааларга байланыштуу ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелгендер кармалды.

Борбор калаанын ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, 30-майда милицияга жаран кайрылып, үстүбүздөгү жылдын март айында К.Д., М.Ш. жана А.А. бөлүп-бөлүп сатып алуу шылтоосу менен кымбат баалуу унааларды – 2015-жылкы BMW X5, 2018-жылкы BMW X5 жана 2023-жылкы Lexus RX450 үлгүсүндөгү унааларды ээлеп алышкан. Андан соң кайра үчүнчү жактарга сатып, андан түшкөн 138 миң долларды өз муктаждыктарына жумшап, жабырлануучудан жашырына башташкан.

Бул фактынын негизинде КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүүлөр — 2004-жылы туулган Д.К., 2005-жылы туулган М.Ш., жана 2004-жылы туулган А.А. кармалышты. Үчөө тең убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

 

Белгиленгендей, алардын ушул сыяктуу кылмыштарды жасоого тиешеси бар экендиги аныкталып, келтирилген зыян103 миллион сомдон ашык сумманы түздү.

Милиция башка жабырлануучуларды 0(777) 03-15-15 же 102 телефондоруна кабарлоону суранат.

Сүрөт ИИМдин басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх