Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек шаарынын тургунун уурдап кетип, опузалап акча талап кылган

Издөөдө жүргөн дагы бир шектүү кармалды

Адам уурдоо жана опузалоо фактылары боюнча издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалганын ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Башкармалыктын маалыматы боюнча, кармалган 34 жаштагы Ю.Р. изделип жаткан.

2023-жылдын 7-ноябрында Ю.Р. шериктери менен бирге Киев жана И.Раззакова көчөлөрүнүн кесилишинен Бишкек шаарынын тургунун уурдап, шаардын четине алып барышып, бычак менен коркутуп, ур-токмокко алып, андан 200 миң сом талап кылышкан.

Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси (адам уурдоо) жана 208-беренеси (опузалоо) боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү катары бир нече адам кармалып, Ю.Р. издөөдө жүргөндөрдүн тизмесине киргизилген.

Өткөн күнү ал кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.

 

 

Сүрөт ИИМдин басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх