Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Борбор калаадагы соода борборлорунун биринде уурдалган телефондорду сатууга аракет кылган чөнтөкчү кармалды

Соода борборунун бутикинен 76 уюлдук телефон алынган

Бишкекте бир катар чөнтөк уурулук кылган шектүү кармалганын Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Аталган башкармалыктын маалыматына караганда, 14-февралда милицияга шаар тургуну кайрылып, кичи автобустан белгисиз адамдар анын уюлдук телефонун уурдап кетишкенин билдирген.

Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (Уурдоо) негизинде кылмыш иши козголгон.

Ыкчам иликтөө кызматкерлери кылмышка шектүү катары мурда ушул сыяктуу кылмыштарды жасагандыгы үчүн бир нече жолу соттолгон 24 жаштагы Э.А. кармашты. Анын жанынан сатууну көздөп жаткан 3 даана уурдалган уюлдук телефондор табылган.

Ошондой эле, Чүй проспектисинде жайгашкан соода борборлорунун биринин жертөлөсүндөгү бутикти тинтүү учурунда 76 уюлдук телефон табылып, алынган.

Э.А. убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Анын башка кылмыштарды жасоого тиешеси бар экени аныкталды.

 

Милиция жабырлануучулардан 0(706) 102-102 же 102 телефон номурларына кайрылууну өтүнөт.

Сүрөт ИИБнын басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх