Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Орусияда издөөдө жүргөн Кыргызстандык аял Казакстандын чек арасынан кармалды

Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Казакстанда кармалган кыргызстандык жаран тууралуу маалыматка комментарий берди.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, 1-июнь күнү Казакстандын мамлекеттик чек арасынан “Кордай авто” өтмөгү аркылуу кирүү багытында өтүп бара жатканда, Россия Федерациясынын аймагынан кылмыш жасагандыгы үчүн укук коргоо органдары тарабынан издөөдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жараны 1994-жылы туулган Г.А. кармалды. Ага камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы катары тандалган.

«Учурда эл аралык милдеттенмелерге ылайык, казак тарап кармалган адамды Орусия тарапка экстрадициялоо маселесин карап жатат. Ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы чет өлкөлүк мекемелери иштин чоо-жайын тактоо жана кармалган Кыргыз Республикасынын жаранына кездешүү мүмкүнчүлүгүн алуу маселелерин иштеп чыгууда. Берилген ыйгарым укуктардын алкагында Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк мекемелери тарабынан кармалган Кыргызстандын жаранына бардык зарыл болгон консулдук жана юридикалык жардам көрсөтүлөт», — деп айтылат ТИМдин билдирүүсүндө.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх