Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте күндүз эле жигитти уурдап кетишкен - видео

Үч ууру кармалып, төртүнчүсү изделүүдө

Бишкекте күндүз эле көчөдөн жигитти уурдап кетишкен.

Борбор калаанын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, окуя 4-июнда болгон. Жабырлануучу милицияга кайрылып, ошол күнү саат 18:30да «Жал» кичи районунда үч таанышы жана бир белгисиз адам аны күч менен унаага салып, күч колдонуу менен коркутуп, iPhone телефонун күрөөканага тапшырууга мажбурлашканын билдирген. Андан түшкөн 38 миң 500 сом акчаны алып, изин жашырып кетишкен.

Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин “Адам уурдоо” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Милиция кызматкерлери үч шектүүнү кармап, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына камады. Алар төртүнчүсүн издеп жатышат.

Сүрөт ИИБнын басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх