Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Майлуу-Сууга жакын жердеги мунай сактоочу жайдан өрт чыкты - фото

Өрттүн келип чыгуу себептери жана келтирилген чыгым такталууда

Майлуу-Суу шаарына жакын Көк-Таш айыл аймагынын Катыраңкы участкасында “Кыргызнефтегаз” ААКнын мунай сактоочу жайынан өрт чыкканын ӨКМ билдирди.

Өрт тууралуу маалымат бир күн мурун, 6-майда саат 15.52де келип түшкөн. Өрттү өчүрүүгө Майлуу-Суу шаардык №83 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 1 бригада жана «Кыргызнефтегаз» ААКтан 1 бригада тартылган.

Учурда өрттүн келип чыгуу себептери жана келтирилген материалдык чыгым такталууда.

Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жок.

 

 

Сүрөт ӨКМдин басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх