Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Миң-Куштагы көпүрөдөн радиоактивдүү калдыктарды ташуучу унаа кулап түштү. Комиссия иликтөө жүргүзөт

Жергиликтүү тургундар радиоактивдүү калдыктар дарыяга агып кеткен болушу мүмкүн деп чочулашууда

КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тарабынан Нарын облусунун аймагында «ЭРН-Строй» ЖЧКсынын жүк ташуучу унаасынын кырсыкка учурашынын себептерин техникалык иликтөө боюнча комиссия түзүлдү.

Буга чейин 1-июнь күнү Жумгал районунун Миң-Куш айылындагы Туюк-Суу кампасынан уран калдыктарын ташуучу унаа көпүрөдөн кулап кеткени белгилүү болгон.

Жергиликтүү тургундар радиоактивдүү калдыктар дарыяга агып кетиши мүмкүн деп кооптонушууда.

Жаратылыш ресурстары министрлиги окуя боюнча атайын түзүлгөн комиссиянын курамына министрликтин экологиялык-техникалык көзөмөл кызматынын, тоо-кен металлургиялык профсоюзунун, департаменттин радиациялык коопсуздук башкармалыгынын, Саламаттык сактоо министрлигинин, Оорулардын алдын алуу жана Мамлекеттик санитардык-гигиеналык көзөмөл өкүлдөрү киргенин билдирди.

«Комиссиянын мүчөлөрү жеринде радиациялык фонду өлчөп, нормалдуу экенин аныкташкан. Суу жана топурак үлгүлөрү алынды. Комиссиянын ишинин жыйынтыгы 15 күндүн ичинде чыгарылат», - деп билдирди Жаратылыш ресурстары министрлиги.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх