Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте дагы бир мефедрон таратып саткан кармалды (фото)

20 жаштагы жигиттен 30дан ашык баштыкча алынган

Бишкекте милиция кызматкерлери баңги затын «закладчикти» кармашты.

Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, 8-июнда тергөөчүлөргө борбор калаада жерге катып-сатуу аркылуу белгисиз адам баңги затын сатуу менен алектенип жүргөндүгү тууралуу маалымат түшкөн.

Бул фактынын негизинде КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иши козголгон.

Шектүүнүн өздүгү такталып, ал 20 жаштагы К.В. болуп чыкты. Жигиттен курамында психотроптук заттары бар 30дан ашык баштыкча табылып, алынган. Оролмолору менен жалпы салмагы 78 граммды түзгөн. Эксперттин корутундусуна ылайык, ичинде мефедрон болгон.

Шектүү Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

 

Сүрөт ИИБнын басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх