Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте иран кафсине жигит кирип келип, официант кызды бетке урган

Ага карата бейбаштык боюнча иш козголду

Бишкекте кафеде официант кызды урган шектүү кармалды.

Буга чейин социалдык тармактарда Бишкектин Медеров көчөсүндө жайгашкан ирандык кафелердин бирине белгисиз адам кирип, официант кызды бетке уруп жаткан видео тараган. Кыздын эриндери жарылып, милицияга арыз жазган.

 

Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришкендей, окуя 9-июнда болгон. Кол салуунун негизинде КР Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголуп, арыз ээсинин ден соолугуна келтирилген зыяндын оордугун аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Тергөө кызматына 26 жаштагы Ж.Д. жеткирилди. Ал Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесинин негизинде кармалып, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

 

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх