Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте жолго төгүлгөн мунайдын кесепетинен бир нече жол кырсыгы болду (видео)

Айыпкерге айып пул салынды

Кечээ кечинде Бишкектин Медеров көчөсүндө автокрандан жолго төгүлгөн майдын кесепетинен бир нече жол кырсыгы катталды.

Натыйжада унаалар жолдон музга түшкөндөй тайгаланып, бордюрга урунган. Окуя болгон жерге «Тазалык» ишканасынын кызматкерлери келип, жолго кум себишти.

Патрулдук милиция бүгүн XCMG XZ автокранынын айдоочусуна айып пул салынганын билдирди.

«Токтоналиев жана Медерова көчөлөрүнүн кесилишинде автокрандын айдоочусу жолду майлоочу майлар менен булгап, жол кыймылынын башка катышуучуларына авариялык абалды жаратып, белгисиз тарапка кетип калган», - деп айтылат маалыматта.

Күнөлүү табылып, ал 1996-жылы туулган И.Б. экени аныкталды. Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 177 беренесинин 2-бөлүгү жана 182-беренесинин 1-бөлүгү менен жалпысынан 13 миң сом айып салынды.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх