Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Шашылыш эскертүү: Кыргызстанда катуу жаан жаап, шамаал болот

Республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүү коркунучу бар

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги катуу шамал тууралуу эскертүү таратты.

Кыргызгидромет билдиргендей, жакынкы күндөрү республика боюнча жаан-чачын болот. 11-июндун экинчи жарымында жана 12-13-июнда туруксуз аба ырайына жана нөшөрлөп жааган жамгырга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүү коркунучу сакталат.

Дарыяларда да суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлүүдө.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кесепеттерин алдын алуу үчүн арыктарды жана дренаждык каналдарды тазалоону сунуштайт.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх