Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Чүй облусунда эркек кишини даракка байлап, сабап өлтүргөн

Ыкчам иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү кармалды

Чүй облусунда эркек кишини даракка байлап, сабап өлтүрүшкөнүн облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Мекемеден билдиришкендей, кылмыш 10-июнь күнү таңга жуук Чүй районунун Советское айылында болгон. Жергиликтүү тургун коңшусуна конокко келген. Алар спирт ичимдигин ичип башташып, ортодо чыр чыгып, ал мушташка чейин жеткен. Үй ээси конокту даракка байлап, сабап баштаган. Акыркысы ур-токмоктон улам каза болгон.

Бул фактынын негизинде КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси («Киши өлтүрүү») боюнча кылмыш иши козголгон.

Шектүү 1974-жылы туулган М.А., убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

 

Сүрөт ИИМдин басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх