Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте уурулук менен кармалган кылмышкер күзөтчү менен дукөнчүнү сабаган - видео

Бейбаштык боюнча кылмыш иши козголду

Бишкекте уурулук учурунда кармалган киши күзөтчү менен супермаркеттин кызматкерин сабап салган.

Борбор калаанын Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришкендей, окуя 4-июнь күнү кечки саат тогуздар чамасында Дэн Сяопин көчөсүндөгү дүкөндө болгон. Коопсуздук кызматкери уурулук жасоого аракет кылган адамды ордунан кармаган. Анан ууру күзөтчүгө кол салып, аны жана жардамга чуркап келген дүкөндүн кызматкерин сабап, андан соң качып кеткен.

Бул фактынын негизинде КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Шектүүнүн өздүгү такталып, ал мурда соттолгон 1985-жылы туулган О.А. болуп чыкты. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Жабырлануучуларга соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, иш боюнча тергөө иштери уланууда.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх