Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Баткендин тургуну эки жашар өгөй кызын кыйнаган деп шектелүүдө

Милицияга кыздын чоң энеси кайрылды

Баткен районунун тургуну эки жашар өгөй кызын сабаган деп шектелүүдө.

Облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, 7-июнда 2 жаштагы кыз денесинен жаракат алып, травматология бөлүмүнө жаткырылган.

Бул факты кырсык катары катталып, текшерүү иштери жүргүзүлдү.

Ошол эле учурда кыздын чоң энеси милицияга арыз менен кайрылган. Ал баланы сабаган деп өгөй атасын айыптаган.

Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси (Кыйноо) менен кылмыш иши козголду.

Кылмышка шектүү делип Бүжүм айылынын 40 жаштагы Ж.Т. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх