Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жалал-Абаддын тургуну өзүм билемдик менен мисте токоюн басып алып, ал жерге эс алуучу жай куруп алган

Прокуратура кылмыш ишин козгоду

«Текшерүүдө Жалал-Абад шаарынын Аюб-Тоо тоо кыркасынан 182 чарчы метрди Жалал-Абад шаардык мэриясы тарабынан Н.К. аттуу жаранга жеңил типтеги курулуш куруу максатында ижарага берилгендигине карабастан, Н.К. 645 чарчы метр мисте токойлуу жерди өз билемдик менен ээлеп алып, ага капиталдык курулуш (эс алуучу жай) курган. Анын натыйжасында мамлекетке 2 млн 292 миң сомдук зыян келтирилген.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 212-1-беренеси (Жерлерди өзүм билемдик менен ээлеп алууга жол бербөө боюнча чараларды көрбөө) жана 212-беренеси (бөтөн жер участогун өзүм билемдик менен ээлеп алуу жана максаттуу багытын бузуу менен айыл чарба багытындагы жерлерге өзүм билемдик менен курулуш куруу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдарын жүргүзүү УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгына тапшырылды.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх