Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте жеке компаниялар кооптуу медициналык таштандыларды борбор калаанын таштанды таштоочу жайына ташышкан (видео)

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети кылмыш ишин козгоду

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети калктын саламаттыгына санитардык-эпидемиологиялык коркунуч туудурган жана айлана-чөйрөгө терс таасирин тийгизген медициналык калдыктарды көмүү, сактоо жана ташуудагы мыйзам бузууларды аныктады.

Атайын кызматтын маалыматы боюнча, жеке таштандыларды кайра иштетүүчү ишканалар Бишкек шаарынын санитардык полигонуна кадимки таштандыга окшоштуруп, өтө кооптуу таштандыларды ыргыткандыгы аныкталып, КР “Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө” мыйзамын бузулганын аныкташты. Бул жарандардын ВИЧ, вирустук гепатит жана башка кооптуу ооруларды жуктуруп алуу коркунучун жаратып жатканын УКМК белгиледи.

Мындан тышкары, ишканалар уруксатсыз иштегени аныкталды.

Ошондой эле жеке жана мамлекеттик кайра иштетүүчү ишканалар айлана-чөйрөнү булгагандыгы үчүн бюджетке акча төлөбөй келгени белгилүү болду. Келтирилген чыгым 37 миллион сомдон ашык болгон.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети кылмыш ишин козгоду.

Фото: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх