Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ошто милиция кызматкерин зебрадан унаа сүзүп кеткен. Бир жумадан кийин ал ооруканада каза болду

32 жаштагы улук лейтенант башынан оор жаракат алган

Ошто РИИБнин кызматкери Кожомберди уулу Уланбек унаанын сүзүшүнүн кесепетинен каза болду.

Мекемеден билдиришкендей, 32 жаштагы улук лейтенантты 4-июнь күнү кечинде Курманжан-Датка көчөсүндөгү жөө адамдар өтүүчү жерден сүзүп кеткен.

Башынан оор жаракат алган жабырлануучу Ош шаардык аймактык ооруканасынын хирургия бөлүмүнө жеткирилген. Бирок 12-июнда Кожомберди уулу Уланбек каза болгон.

 

Унаанын кагылышына күнөөлүү 23 жаштагы Daewoo Matiz унаасынын айдоочусу кармалды. Экспертиза анын сергек экенин көрсөттү.

Унаа айып аянтчага токтотулду.

Сүрөт ИИБнын басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх