Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектеги соода борборлорунун биринде жасалма тамекинин жана спирттин ири партиясы табылды

Ишкер түрмөгө кесилиши мүмкүн

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери “Берекет-Универсал” соода борборунда жүргүзүлгөн салыктык көзөмөл рейдинин жүрүшүндө акциздик маркасы жок тамеки жана алкоголдук продукцияларды сатуу фактысын аныкташты.

Жалпысынан мыйзамсыз жүгүртүүдөн 468 даана алкоголдук ичимдиктер жана 1870 куту тамеки алынган.

Ишкерлерге карата КР мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөрүн Мамлекеттик салык кызматы билдирди.

Мекеме эскерткендей, 1000 даанага чейин акциздик маркасы жок тамеки саткандар 65 миң сом айып пул төлөп, 1000 даанадан ашкандар 5 жылга чейин эркинен ажыратылат.

Салык кызматы ишкерлерге акциздик маркасы жок тамеки буюмдарын сатпоону жана алардын аныктыгын жана талаптарга ылайыктуулугун дыкат текшерүүнү катуу сунуштайт.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх