Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ноокен районунда Бишкек-Ош унаа жолу тосулду

Себеби жолдун бир бөлүгүндө сел жүргөн

Ноокен районунда Бишкек-Ош унаа жолу жабылды. Бул тууралуу Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Буга нөшөрлөгөн жаандан кийин сел жүрүп, Бостон айылына жакын жердеги жолду каптап кеткени себеп болду.

«Натыйжада ал жерде унаа тыгыны пайда болгон. Ошондуктан, жол жүрүү жеткиликтүү эмес. Маршрутту тазалоо иштери жүрүп жатат», - дешти алар.

Эскерте кетсек, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жакынкы күндөрдө катаал аба-ырайы тууралуу эскертүү тараткан.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх