Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Новопавловка айылынын тургуну небересин бычактап салган

Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди

Сокулук районунда мас абалындагы адам небересин бычактап салды.

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришкендей, 13-июнь күнү 68 жаштагы К.А. Новопавловка айылындагы өз үйүндө мас абалында чыр-чатактан улам 18 жаштагы небересин бычак менен сайып салган. Жабырлануучу Бишкек шаарындагы №4 ооруканага жаткырылган.

КР Кылмыш-жаза кодексинин 130 беренеси боюнча кылмыш иши козголду. (Ден соолукка оор залал келтирүү).

К.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тергөө иштери уланууда.

 

Сүрөт ИИБнын басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх