Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жалал-Абад облусунда сел жүрүп, бир бала каза болду

300 үйдүн жашоочулары эвакуацияланды

Жалал-Абад облусунда селдин кесепетинен 10 жаштагы бала каза болуп, 300 үйдүн жашоочулары эвакуацияланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Кызматтын маалыматы боюнча, бир күн мурун саат 17.30дар чамасында Ноокен районунун Бостон жана Эски-Кочкор-Ата айылдарында сел жүргөн.

Табигый кырсыктын кесепеттерин жоюуга 134 кызматкер жана 13 инженердик техника тартылган.

Эски-Кочкор-Ата айылындын жашоочусу 2014-жылы туулган Э.Ж.нын сөөгү табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди.

Бостондо 2143 кожолук бар, ал эми Эски-Кочкор-Атада 500 кожолук бар, 300 үйдүн тургундары эки конуштан көчүрүлдү.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх