Кыргызстанда күн ичинде 15 өрт кырсыгы катталган
Өрттү өчүрүүгө 16 күжүрмөн эсеп тартылган
Кыргызстанда сутка ичинде 15 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 16 күжүрмөн эсеп тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Алсак,
Бишкек шаарында – 4;
Ош облусунда – 2;
Чүй облусунда – 7;
Ысык-Көл облусунда – 1;
Талас облусунда – 1 өрт катталган.
Куткаруу кызматтары тарабынан 2 чыгуу болду.
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз