Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Таласта коррупцияга шектелип аткаминер жана ишкер кармалды

Мамлекетке 4 миллион сомдук зыян келтирилген

Таласта коррупция жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген шек менен аткаминер менен ишкер кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз борборунан билдиришти.

Укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин айтымында, «ТЗХ» муниципалдык ишканасынын директору жана подряддык уюмдун өкүлү тарабынан Э.Кутманалиева атындагы спорттук стадионду реконструкциялоого кеткен чыгым негизсиз жогорулатылган.

Жооптуу адамдар тендерсиз, уруксаатсыз же подрядчы менен иштешпей туруп 25 миллион сомго иш жүргүзүү боюнча келишим түзгөндүгү аныкталган.

Физикалык көлөмдөгү, эмгек акынын индексиндеги, салыктардагы жана стадионду капиталдык оңдоого керектелүүчү материалдардын наркындагы айырмачылыктарды текшерүү учурунда Э.Кутманалиев атындагы стадионду реконструкциялоодо мамлекеттин кызыкчылыгына 4 миллион сомдон ашык зыян келтиргенин аныктаган.

А.М. аттуу жаран жана МП «ТЗХ»нын директору Т.С. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул иш боюнча тергөө иштери уланууда.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх