Тоолуу аймактарда сел жүрүү коркунучу жогору бойдон калууда – ӨКМ
Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт
Тоолуу аймактарда сел жүрүү коркунучу жогору бойдон калууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 20-23-июнда күтүлүп жаткан локалдуу нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу, республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз