Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМК казакстандык ишкер Владимир Жуманбаевге козголгон ишти токтотту

Буга чейин УКМК аны Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобун каржылаган деген шек менен издөөгө салган

Казакстандык ишкер Владимир Жуманбаевге козголгон кылмыш иши токтотулганын КР УКМК билдирди.

Эскерте кетсек, буга чейин атайын кызмат мыйзамдагы ууру К.Асанбектин (Көлбаевдин) уюшкан кылмыштуу тобун Жуманбаев тарабынан каржылаган фактылар аныкталганын билдирген.

«19-июнда В.Жуманбаев Кыргызстанга келип, анын активдүү катышуусу менен тергөө органдары менен бир катар тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында В.Жуманбаевге мурда коюлган айыптар уюшкан кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө жана каржылоосуна тиешеси жоктугуна байланыштуу алынып салынып, сотко чейинки өндүрүш токтотулган», - деп айтылат атайын кызматтын билдирүүсүндө.

Белгилей кетсек, буга чейин УКМК Казакстан Республикасынын Forbes журналынын тизмесинде 25-орунда турган казакстандык ишкер Владимир Жуманбаевге Камчы Көлбаевди уюшкан кылмыштуу топту каржылаган деген шек менен издөө салган.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх