Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Чолпон-Атада шаардык кеңештин депутаты жергиликтүү тургунду атып, сабап салган - видео

Жабырлануучу депутаттын Көлбаев менен байланышы бар болгондуктан милицияга билдирүүдөн корккон

Чолпон-Атада жергиликтүү тургунду атып, сабап салган шаардык депутат кармалды.

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, окуя 2022-жылы болгон, бирок жабырлануучу мурда бул тууралуу өз өмүрүнө коркунуч келтиргендиктен милицияга билдирүүдөн корккон. Анткени депутаттын кримавторитет Камчы Көлбаев менен байланышы бар экенин билген.

Жабырлануучу адам ушул жылдын июнь айынын башында гана милицияга арыз жазган. Анын айтымында, 2022-жылдын октябрь айында жергиликтүү депутат аны травматикалык тапанча менен эки жолу атып, андан соң сабап салган.

Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси («Бейбаштык») менен кылмыш иши козголду.

Шектүү катары 1979-жылы туулган А.У. кармалды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх