Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кара-Балтага жакын жерде унаа көлмөгө түшүп, 6 бала чөгүп каза тапты (окуя болгон жерден видео)

Эки үй-бүлө эс алуудан кайтып келе жаткан

Бир күн мурун Кара-Балта шаарына жакын жерде коркунучтуу трагедия болду.

Милициянын маалыматы боюнча, эки үй-бүлө (11 адам) Алтын айылындагы суу сактагычтан эс алып келе жаткан. Унаанын ичинде эркек киши, анын жубайы, эжеси жана 10 жашка чейинки 8 баласы болгон.

Бурулушта айдоочу рулду башкара албай калып, унаа көлмөгө түшүп кеткен. 6 бала сууга чөгүп, үч чоң адам жана эки бала аман калган.

Алдын ала маалыматтарга караганда, айдоочу мас абалында болгон.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх