Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте бутун эскалатор чайнап кеткен үч жашар кызга операция жасалды

Баланын сөөктөрү сынып, кан тамырлары, булчуңдары жана тарамыштары жабыркаган

Караван соода борборунда бутун эскалатор чайнап кеткен үч жашар кызга операция жасалды. Бул тууралуу КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ведомстводон билдиришкендей, ымыркай №3 балдардын тез жардам ооруканасына жаткырылган. Ага кыймылсыз сынык деген диагноз коюлган.

«Баланын кан тамырлары, булчуңдары жана тарамыштары чайналып калган. Мындан улам кызга операция жасоого туура келген. Учурда анын абалы туруктуу. Ооруканада тиешелүү дарыланууда», - деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, окуя кечээ, 23-июнда болгон. “Караван” соода борборунда үч жашар кыздын бутун эскалатор “чайнап” кеткен. Беш куткаруучу баланы куткарып, дарыгерлерге өткөрүп беришкен.

Сүрөт ӨКМдүн басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх