Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек-Ош жолунда сел жүрүп, таштар кулаган. Жол тазаланып, ачылды - фото

Кечээ жолдун бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылган

Бишкек-Ош унаа жолу каттамдар үчүн ачылганын ӨКМ билдирди.

Бир күн мурун Жалал-Абад облусунун аймагындагы жолдун 374-375-чакырымында сел жүрүп, таштар кулаган. Аталган аймак унаа кыймылы үчүн жабылган.

Түнкүсүн куткаруучулар ал жерде тыгылып калган беш унааны алып чыгышты. Жол тазаланды.

«24-июнь күнү саат 8.00дө Бишкек-Ош унаа жолу толугу менен тазаланып, эки тарапка тең жол ачылды», — деп билдирди ӨКМ.

 

 

Сүрөт ӨКМдүн басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх