Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Өспүрүм дүкөндөн PlayStation 5 жана бир нече iPhone телефондорун уурдап кеткен

Келтирилген чыгым 400 миң сомду түзгөн

Кызыл-Кыя шаарында дүкөндөн 400 миң сомго уурулук кылган өспүрүм кармалды.

Баткен облустук ИИБ билдиргендей, Кызыл-Кыя ШИИБге жергиликтүү тургун кайрылып, беткапчан белгисиз адам телефон дүкөнүнүн чатырынан кирип, Sony PlayStation 5 оюн консолун жана iPhone үлгүсүндөгү уюлдук телефондорун уурдап кеткендигин билдирген. Келтирилген чыгым 400 миң сомду түзгөн.

Аталган факты боюнча 205-берене (Уурдоо) боюнча кылмыш иши козголуп, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Шектүү катары Ноокат районунун 16 жаштагы тургуну кармалды.

Уурдалган буюмдар ээсине кайтарылып, иликтөө иштери жүрүп жатат.

 

Сүрөт: ИИБ

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх