Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Алай районунда сел үйлөрдү жана короолорду каптап, кесепеттерин жоюу иштери жүрүүдө (фото)

1-Май жана Тогуз-Булак айылдары жабыркаган

Алай районунда селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүп жатканын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Ведомстводон билдиришкендей, 23-июнь күнү саат 20.30дар чамасында Ош облусунун Алай районундагы 1-Май жана Тогуз-Булак айылдарында сел жүрүп, бир нече турак жайларды каптаган. Ошондой эле, Тогуз-Булак айылынын Чычырканак тилкесинде 600 метр жолду суу каптаган.

Кырсыктарды жоюу иштерине Алай райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 8 куткаруучу жана 1 мотопомп тартылып, жергиликтүү бийлик тарабынан жолдорду тазалоого жүк ташуучу унаа тартылды.

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх