Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Таласта катуу мөндүр 50 гектар дан эгиндерин талкалады - видео

Боо-Терек айылында катуу шамалдын кесепетинен 15ке жакын турак жайдын чатыры учурулду

Талас облусунун Бакай-Ата районунда кечээ саат 16.00дөн 16.30га чейин мөндүр аралашкан катуу жаан жаады. Табигый кубулуштун кесепетинен Кыргызское, Жон-Коргон жана 1-Мая айылдарында 50 гектарга жакын эгин жараксыз абалга келгенин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Ал эми Боо-Терек айылында катуу шамалдан 15ке жакын турак-жайдын чатырлары учурулган.

ӨКМдин Бакай-Ата райондук бөлүмүнүн куткаруучулары жана райондун акими айыл тургундарына түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Бүгүн Жарандык коргонуу комиссиясы материалдык чыгымдарды аныктоо иштерин баштайт.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх