Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кадамжайда сел дарыкана, контейнер жана Портерди агызды, ӨКМ үч баланы сактап калды (видео)

Бир катар айылдарды суу каптап, 5 көпүрө жарактан чыккан

Кадамжай районунда кечээ катуу жааган жамгырдан улам сел жүрдү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, анын кесепетинен Орозбеков айылында 5 көпүрө жараксыз абалга келген. Ак-Турпак, Молдо Нияз, Исхак-Полотан айылдарын да суу каптаган. Сел суулары Эргенек кичи районундагы бала бакчанын жер төлөсүнө жана Жеңиш айылындагы аймактык оорукананын, бала бакчанын короосуна, Т.Сатылганов атындагы орто мектебине кирген.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери жашы жете элек үч баланы жана эки жергиликтүү тургунду куткарып калды. Алардын абалдары туруктуу.

Жалпысынан 38 куткаруучу тартылган. Координациялык иштерди Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын башчысы жетектеди.

Кошумчалай кетсек, Кадамжай районунун Исхак-Полотхан айыл аймагында сел дарыкананы, контейнерди жана «Портер» унаасын агызып кеткени социалдык тармактарга жарыяланган.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх