Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектин жанында арыктан аялдын жансыз денеси табылды

Ыкчам иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү кармалды

Бишкекке жакын Кара-Жыгач айылында арыктан аялдын жансыз денеси табылды. Маалыматты Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан тастыкташты.

Маалым болгондой, аялдын жансыз денеси 22-июнда Бек-Тоо дачаларынын кире беришинен табылган. Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барган.

Маркумдун өздүгү такталып, ал Нарын облусунун 42 жаштагы Ш.А. болуп чыкты.

Аталган факты боюнча ИИМ тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин «Өлүмгө алып келген ден соолукка оор залал келтирүү» беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Каза болгон жарандын шериги 38 жаштагы Ж.М., дароо кармалган. Көрсө, ал аялды катуу сабап, натыйжада аял каза болгон.

 

Бул иш боюнча тергөө иштери уланууда.

Сүрөт ИИМдин басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх