Издөөдө жүргөн кыргызстандык Польшадан экстрадицияланды
Кылмыш 2015-жылы Кызыл-Кыя шаарында болгон
Каракчылык боюнча издөөдө жүргөн кыргызстандык Польшадан экстрадицияланды.
КР Башкы прокуратурасынан алынган маалыматка караганда, 2015-жылы Баткен облусунда А.М. башка шериктери менен биргеликте жаран Ы.Ж.га каракчылык менен кол салышкан. Өмүргө жана ден-соолукка коркунучтуу күч колдонуу менен 1 миллион 30 миң доллар өлчөмүндөгү каражатты тартып алышкан.
Учурда айыпталуучу кылмыш ишин козгоо үчүн Кызыл-Кыя шаардык ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.
Сүрөт Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз