Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Чолпон-Атада жол тандабас патрулдук унааны сүзүп кетти - видео

Жол кайгуул эки кызматкер жабыркады

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Toyota Land Cruiser үлгүсүндөгү унаа Жол кайгуул кызматтык унааны сүзүп кеткен. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин Патрулдук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Ведомствонун маалыматына ылайык, кырсык 26-июнь күнү түнкү саат 1лер чамасында болгон. Кырсыктын кесепетинен Жол кайгуул кызматынын эки кызматкери жабыркаган. Алар ооруканага жаткырылды.

Бардык чогултулган материалдар тергөө кызматына өткөрүлүп, керектүү экспертизалар дайындалды.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх