Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте милиция Бангладештик 56 мыйзамсыз иммигранттын өздүгүн аныктады (видео)

Аларга 100 миң сом айып пул салынды

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын ыкчам кызматкерлери УКМК кызматкерлери менен биргеликте чет элдик жарандардын мыйзамсыз миграциясына каршы күрөшүү боюнча профилактикалык иш-чараларды улантышууда.

Борбордук ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча, 25-июнда борбордо мыйзамсыз жашап жана иштеген Бангладештин 56 жараны аныкталган.

Алар Ички иштер башкы башкармалыгына жеткирилип, КР Кылмыш-жаза кодексинин 431-беренеси («Чет элдик жарандардын Кыргыз Республикасында болуунун белгиленген тартибин, эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүү же транзиттик өтүү эрежелерин бузуусу») Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодекси боюнча 18 протокол түзүлдү. 99 миң сом айып пул салынды.

ИИМ Кыргызстанда жашаган чет элдик жарандарды өлкө ичинде жүрүү тартибин жана КР тышкы миграция жаатындагы мыйзамдарынын талаптарын так сактоону суранып, мыйзам бузуулар катталган учурда мыйзамдуу чаралар көрүлөрүн эскертет.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх