Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Алматыда кыргызстандык кыз көп кабаттуу үйдүн терезесинде бийлеп жатып жыгылып каза болду (видео)

Окуя боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат

Алматыда көп кабаттуу үйдүн терезесинин карнизинде бийлеп жаткан кыз кулап каза болду. Окуянын видеосу социалдык тармактарда пайда болду.

Казакстан Республикасынын ички иштер министринин биринчи орун басары Марат Кожаев билдиргендей, каза болгон жаран Кыргызстандын жараны экенин жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

«Анын... жүрүм-турумунун өзгөчөлүктөрү бар болчу. Анын жакындары психикалык жактан көйгөйлөр болгонун айтышууда. Аталган фактылар РИИБге катталып, иликтөө иштери жүрүп жатат. Жагдайлар аныкталат», - деди Кожаев.

Окуя боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх