Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Бек-Абад» көзөмөл-өткөрүү пунктунун чек арачылары чет элдиктерден жана ишкерлерден акча талап кылган жеринен кармалды (видео)

Алар контрабандага көмөк көрсөткөндүгү үчүн пара алышкан

Жалал-Абад облусунда "Бек-Абад" көзөмөл-өткөрүү пунктунун аскер кызматкерлери системалуу түрдө акча талап кылгандыгы үчүн кармалганын УКМК билдирди.

Ведомстводон билдиришкендей, Сузак районундагы «Бек-Абад-автодорожный» өткөрүү пунктунда иштеген Чек ара кызматынын аскер кызматкерлери тарабынан чет элдик жарандардан жана ишкерлерден системалуу түрдө опузалап акча талап кылуу фактылары аныкталды.

«Аталган чек ара заставасынын аскер кызматкерлери тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары аныкталган, алар материалдык сыйлоо алуу үчүн колдонуудагы көрсөтмөлөрдү бузуу менен мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз товарларды алып өтүүгө жигердүү көмөктөшкөн», - деп айтылат маалыматта.

26-июнь күнү акча каражаттарын алып жаткан учурда бул коррупциялык схемага тиешеси бар көзөмөл-өткөрүү пунктунун кезметинин начальниги, капитан А.О.А., ошондой эле анын кол алдындагы кызматкерлери пара менен кармалган.

Жогорудагы кылмыштарга Чек ара кызматынын башка кызматкерлеринин тиешеси бардыгы такталууда.

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх