Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте жер титиреди

Алдын ала маалыматтар боюнча, күчү 4 баллга жеткен

Бүгүн саат 15.18де Бишкектин тургундары жер титирөөнү сезишти.

Алдын ала маалыматтар боюнча, күчү 4 баллга жеткен. Кыргызстан менен Казакстандын аймагында болду. Жер титирөөнүн очогу Ысык-Ата районунан 13 чакырым алыстыкта жайгашкан.

 

Эске сала кетсек, 22-июнда саат 23.10до Чүй облусунун аймагында да жер титирөө катталган. КР Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, күчү 3,5 баллды түзгөн.

Калктуу конуштарда жер титирөөнүн күчү Горная Маевка, Арашан, Кой-Таш айылдарында 3,5 балл, Бишкек жана Кант шаарларында, Чоң-Арык, Интернационал, Таш-Дебе, Байтик айылдарында 3 баллга жеткен.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх