Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Таласта 17 млн сомдук тамекини мыйзамсыз алып чыгууга аракет кылышкан

Кармалган жүктүн баасы болжол менен 17 млн сомду түзөт

Таласта акциздик маркасы жок тамекилерди аткезчилик жол менен алып өтүү фактысы токтотулду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМК кызматкерлери "Чоң-Капка" көзөмөл-өткөрүү пунктунун чек ара кызматкерлери менен биргеликте экономикалык коопсуздукка багытталган ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Талас районунун аймагынан аткезчилик жол менен тамекилерди алып чыгуу аракетин аныктады.

25-июнда "Транспорт каражаттарын жана жүктөрдү кароо" чек ара тозоту тарабынан Кыргызстандын аймагынан чыгып келе жаткан учурда А.Н.Н. аттуу КР жараны башкарып бара жаткан "DAF" үлгүсүндөгү 07KG932ACQ мамлекеттик каттоо номердик белгиси жана 07KG614PA мамлекеттик номурлуу чиркегичи бар жүк ташуучу унаа кармалган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө автотранспорттун ичинен милдеттүү акциздик салык салынуучу 716 кутучадан акциздик маркасы жок "ORIS" маркасындагы тамеки буюмдары табылды. Кармалган жүктүн баасы болжол менен 17 млн сомду түзөт.

Учурда бул факты боюнча тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо жана укуктук баа берүү үчүн матер

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх