Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ош-Баткен унаа жолу көпүрөнүн урашына байланыштуу убактылуу жабылды (видео)

Көпүрө селден улам бузулган

Кечээ, саат 20.30дар чамасында Ош-Раззаков унаа жолунун 63-чакырымында селдин кесепетинен Найман көпүрөсү урап, жараксыз абалга келген. Бул тууралуу Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөн билдиришти.

Көпүрөнүн кулашынан жабыркагандар болгон жок. Ошондой эле, эч кандай унаа зыян тарткан эмес, анткени жакындап келе жаткан сел тууралуу алдын ала маалыматтан улам көпүрөдө кыймыл токтотулган.

Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүк жарандарды кырдаалга түшүнүү менен мамиле жасап, саякатка чыгууну убактылуу жылдырууну өтүнөт.

Учурда ал жакка бардык күчтөр жөнөтүлүп, координациялоо иштерин облус жетекчиси Элчибек Жантаев жүргүзүүдө.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх