Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Казакстандан Оштогу селден жабыркагандарга гуманитардык жардам келди - видео

Казакстандык куткаруучулар менен дарыгерлер да Кыргызстанга келишти

Казакстан Оштогу селден жабыркагандарга гуманитардык жардам жеткирди. Бул тууралуу коңшу республиканын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Казакстан Республикасынын Коргоо министрлигинин учагы менен казакстандык куткаруучулар жана дарыгерлер Кыргызстанга келип, 2,7 тонна гуманитардык жардам жеткирилди.

Эскерте кетсек, 28-июнда Ош облусунун Ноокат районунда сел жүргөн. Анын кесепетинен ондогон короолорду суу каптап, эки көпүрөнү жана жолдорду жууп кеткен. Абшыр-Ата эс алуу аймагында 1300 адам камалып калган. Кырсыктын кесепетинен 9 адам каза болгон, алардын көбү балдар жана өспүрүмдөр.

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Ноокатта каза болгондордун арасында төрт казакстандык жашы жете элек өспүрүм бар экенин билдирди. Каза болгондордун сөөгү атайын учак менен мекенине жеткирилет.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх