Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Акылбек Жапаров Ноокаттагы селден каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө барды (фото)

"Биз жабыркагандарга колдоо көрсөтөбүз жана бузулган инфраструктураны калыбына келтирүү үчүн бардык күч-аракетибизди жумшайбыз"

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Ош облусунун Ноокат районундагы өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюунун жүрүшү менен таанышты.

Акылбек Жапаров жаратылыш кырсыгынын келтирген зыянынын масштабы менен таанышып, селден жабыркаган Ноокат районунун кожолуктарынын жана аймагынын үстүнөн учуп өттү.

Мындан тышкары, Министрлер Кабинетинин Төрагасы каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө барып, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин атынан курман болгондордун туугандарына жана жакындарына көңүл айтты.

Андан ары МинКаб башчысы ыкчам штабдын жыйынын өткөрүп, анда Ош облусунун жетекчилигине жана тиешелүү мекемелерге өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу, калктын коопсуздугун камсыз кылуу жана кесепеттерин жоюу жапа чеккендерге зарыл жардамды көрсөтүү боюнча конкреттүү тапшырмаларды берди.

«Мамлекет өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин тез жана натыйжалуу жоюу үчүн бардык керектүү ресурстарды берет. Жабыркагандарга ар тараптуу колдоо көрсөтүп, бузулган инфраструктураны калыбына келтирүүгө бардык күч-аракетибизди жумшайбыз”,-деди Акылбек Жапаров.

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх