Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен Жаза аткаруу кызматкерлери опузалап акча талап кылып жатканын айткан адамдын видеосу тарады (видео)

Ал Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевден жардам сурады

Кыргызстандык №8 колониясындагы бир тууганын уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү жана ИИБ кызматкерлери опузалап акча талап кылып жатышканын билдирген. Социалдык тармактарда адамдын видео кайрылуусу пайда болгон.

Ал президент Садыр Жапаровдон жана УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевден жардам сурады.

«Окуя болгонго чейин иним Москва районунун Петровка айылында жайгашкан №8 түзөтүү колониясында болчу. ИК-8де жүргөндө иним январдан 15-апрелге чейин уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Доктурбек уулу Улук тарабынан кыйноого алынып, андан 3 миллион сом өлчөмүндө акча талап кылган. Доктурбек уулу Улук ал жерде расмий эмес көзөмөлдөөчү (зонаны көзөмөлдөгөн) адам. Иним ИК-8де жүргөндө колониянын администрациясына бир нече жолу кайрылган. Бирок колониянын администрациясы, тагыраагы, ИК-8 колониясынын башчысы Бепинов Азамат менен оперативдүү бөлүмдүн башчысы Ислам Сатарович Доктурбек уулу Улук менен бир пикирде болушуп, эч кандай жыйынтык чыккан жок», - деди ал.

Фото: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх