Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ноокаттагы сел. Бүгүн Абшыр-Атага 85 куткаруучу жөнөп кетти

Кырсык болгон аймакта издөө иштери уланууда

Бүгүн Ноокат районундагы Абшыр-Ата эс алуу аймагына издөө иштерин жүргүзүү үчүн 85 куткаруучу жөнөп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

 

Мындан тышкары, Кулатов айылындагы 20 турак жайды 67 куткаруучу тазалоо иштерин баштады. Анда жалпысынан 28 үйдү суу каптаган. 30 июнда 8и тазаланган.

Селдин кесепеттерин жоюу иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 16 даана атайын техника, ошондой эле 100дөн ашык жергиликтүү тургундар тартылган.

Эскерте кетсек, 28-июнда Ош облусунун Ноокат районунда сел жүргөн. Андан ондогон короолорду суу каптап, эки көпүрөнү жана жолдорду жууп кеткен. Абшыр-Ата эс алуу аймагында 1300 адам камалып калган. Кырсыктын кесепетинен 9 адам каза болгон, алардын көбү балдар жана өспүрүмдөр.

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Ноокатта каза болгондордун арасында төрт казакстандык жашы жете элек өспүрүм бар экенин билдирди. Каза болгондордун сөөгү атайын учак менен мекенине жеткирилет.

Сүрөт: ӨКМ

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх