Көпүрөнүн кыйрашы. Ош - Баткен - Раззаков унаа жолу ачылды
Айланма жол аркылуу эки тараптуу кыймыл түзүлдү
Ош - Баткен - Раззаков унаа жолу ачык экенин ӨКМ билдирди.
Эскерте кетсек, кечээ саат 20.30дар чамасында Ош-Раззаков унаа жолунун 63-чакырымында Найман көпүрөсү кулап, селдин кесепетинен жараксыз абалга келген. Мындан улам Ош-Баткен унаа жолу убактылуу жабылган.
«Кечээ кечинде айланма жолдон эки тараптуу кыймыл уюштурулду», — деп билдирди ӨКМ.
Сүрөт: www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз